Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:42

Татарстандын бийлиги бардык жогорку окуу жайлардын студенттерине жана орто мектептердин жогорку класстарынын окуучуларына баңги сынагынан өз ыктыяры менен өтүүнү сунуштады. Бүткүл Татарстандын аймагында алгач өткөрүлүп жаткан мындай сынакты жумурият президенти Минтимер Шаймиев да кубаттап, бул демилгени бүткүл Орусияга таркатууну сунуштоодо. Бирок мындай сынактын өткөрүлүшүнө каршы болгондор да аз эмес.

Ринат Газизуллин – маалымат технологиясы адистигин алуу үчүн талаптанган студент. Ал быйыл Казан мамлекеттик университетинин экинчи курсуна көчтү. Окуу жылы адаттагыдай расмий милдеттерди аткаруу менен башталып, Ринат да башка студенттер менен бирге баңгичилик боюнча медициналык текшерүүдөн өтүүгө чакырылган.

19 жашар Ринат мындай тестке каршы эместинин «Азаттыкка» айтты:

- Бул пайдалуу. Менимче, университет баңгиликке берилген студенттер бул өнөкөттү таштабаса, анда аларды окуудан чыгарат болуш керек. Мен баңгичилер менен бирге окууну каалабайт элем.

Өткөн жылы Татарстандын айрым университеттери пилоттук программанын бир бөлүгү катары баңгиге каршы текшерүү чараларын өткөрүшүп, студенттерин иликтеген болчу. Бирок бул жолу алгачкы ирээт бүткүл Татарстан жумуриятындагы мектеп жана жогорку окуу жайлардын баарында тең марихуана, амфетамин, героин, метадон, кокаин өңдүү жана башка мээге кесепетин тийгизүүчү бир катар маңзаттар боюнча текшерүү чаралары өткөрүлдү.

Мындай демилгени Татарстандын президенти Минтимер Шаймиев өзү кош колдоп сүрөөнгө алды жана мындай иш чараны жаштар арасында баңгичиликти жоюунун бирден-бир жолу катары бүткүл Орусия боюнча өткөрүүнү сунуштады.

Евгений Брюн - токсикология боюнча Москванын башкы дарыгери. Брюн мырза дагы татар президентинин сунушун толугу менен колдоодо.

- Бул жакшы демилге. Мындай сынактан өтүү зарылчылыгы өспүрүм балдарды маңзаттарды колдоноордон мурда мунун кереги барбы же жокпу деп ойлонтууга огожо болот. Муну балдарынын баңгичи болуп кетишин каалабаган коомчулуктун социалдык кысымынын мөмөсү катары бааласа болот.

Бирок мындай бүтүмгө бардыгы эле макул эмес.

Маселен, Орусиянын Акыйкатчысы Владимир Лукин бул сынакка этият мамиле жасоого үндөп жатат. Лукиндин айтымында, баңги сынагы Орусиянын мыйзамына ылайык өткөрүлүшү керек жана ар бир адамдын беделине шек келтирилбестиги, ар атуулдун күнөөсүздүк презумпциясы сакталышы керек.

Татарстанда баңги сынагы ар кимдин өз каалоосу менен гана өткөрүлөт деп расмий түрдө айтылган. Бирок бул сынакты сындагандардын оюнча, чындыгында, студент жана окуучулар тесттен өтүүгө бейрасмий түрдө мажбурланып, далайлары кысым алдында гана сынакка барышууда. Маселен, айрым университеттерде текшерүүдөн өтпөгөн студенттердин ысымдары тизмеленип, жалпы университеттин жамаатынын назарына илинген.

Баңгичилик боюнча текшерүүнүн жыйынтыгына ылайык, Татарстандын окуу жайларында 113 баңгичи бардыгы аныкталган.

Казандагы адам укуктары борборунун жетекчиси Игорь Шолохов мырза баңги сынагын өткөрүүнүн эч кажети жок деген ойдо.

- Сынактын натыйжасында баңгичи экени аныкталгандардын көрсөткүч пайызы өтө эле төмөн. Бул сынакты өткөрүү үчүн олчойгон акча каражаты сарпталды. Мунун өзү бул иш-чаранын майнаптуулугунан күмөн туудурат.

Айтмакчы, бул сынакка ачыктан ачык каршы чыгып, өз таламын талашкан студенттер да болду. Мисалы, Казан мамлекеттик технология университетинин студенти Михаил Киндер мындай сынакты өткөрүү мыйзамсыз деп өз университетин сотко берди. Анын бул иш-аракети кеңири коомчулукка маалым болду. Бирок анын университеттеги буга чейинки ийгиликтүү сынактарынын натыйжаларын окуу жайдын жетекчилиги жокко чыгарган соң, Киндер кайра элдешүүгө барып, өз арызын соттон кайтарып алууга аргасыз болду.

Психологдор да баңгичи студенттерди ачыктоонун терс жактары да бар дешүүдө. Орусиядагы университеттердин мындай студенттерге зыяндуу өнөкөттөн арылууга жардам беребиз деген убадасына карабастан, өлкөдө баңгиликтен арылтуунун социалдык жөлөк болчу эч кандай жаңыча механизмдери жана усулдары, адистердин айтымыда, дээрлик калыптана элек бойдон кала берүүдө. Демек, унивеерситеттердин убадасы куру калып, баңгичи студенттер жана окуучулар ого бетер жапа чегиши ажеп эмес, дешет психолог адистер.

XS
SM
MD
LG