Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:17

Нарында кызматтык кылмыштардын түрлөрү өсүүдө


Быйылкы жылдын 9 айында Нарын облусунда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануунун 33 учуру катталган. Бул өткөн жылдын ушул убактысына салыштырмалуу 11ге көп дегендикти билдирет. Быйыл кызматтык жасалмачылыктын 6 далили орун алып, былтыркыдан бирге арбыган. Ал эми өткөн жылы 9 айда Нарын облусунда пара алуу катталган эмес болсо, быйыл пара алуунун 2 учуру эсепке түшкөн. Шалаакылык былтыркы төрттөн быйыл бирге төмөндөгөн. Жалпы катталган экономикалык жана кызматтык кылмыштардын кесепетинен облустун экономикасына 3 миллион 995 миң сом зыян келтирилип, зыянды өндүрүү 52,5 пайызды гана түзгөн. Мындай маалыматты Нарын облустук акимчиликтин бөлүм башчысы Өмүрсултан Мамаев Координациялык кеңештин жыйынында билдирди. (KUs)

XS
SM
MD
LG