Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:43

Ошто укук коргоо кыймылынын төрагасы 5 күнгө үй камагына алынды


Ош шаардык прокуратурасынан 30-октябрда “Азаттыкка” билдиришкендей, укук коргоо кыймылынын төрагасы Төлөн Дыйканбаев тааныш келинди токмоктоп, чогуу жашаганга мажбурлаган деп айыпталууда. Ош шаардык соту жабырлануучунун арызын карап чыгып, укук коргоо кыймылынын төрагасын 5 күнгө үй камагына кармоого санкция берди. Жергиликтүү серепчи Эркин Төрөгелдиев Төлөн Дыйканбаевдин камалышын башка укук коргоочуларга кыр көрсөтүү катары баалап, Кыргызстан репрессиялык жолго түшкөнүнө кабатырланды. (АТо)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG