Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:34

Комсомолго 90 жыл: Кандуу режим элестери


Кызыл аянттагы советтик жетекчилердин эстеликтери тоталитардык доордон кабар берет

Кызыл аянттагы советтик жетекчилердин эстеликтери тоталитардык доордон кабар берет

70 жыл дооран сүрүп, акыры урап түшкөн СССР империясынын элестери, бул империянын кучагынан бошонгон өлкөлөрдөн 17 жылдан бери такыр кетпей койду.

Балтика боюндагы өлкөлөр каардуу советтик режимдин кулаганына катуу сүйүнүп, дароо батыштык үлгүдөгү өнүгүү жолун тандап алышканы менен, мурда союздук өлкөлөргө кирген башка мамлекеттер жаңы Орусиянын жана эски советтик идеологиянын таасиринен ары-бери урунганы менен чыга алышпады. Мунун далили катары адистер, кечээ Бишкек шаарында жогорку деңгээлде белгиленген “Комсомолдун 90 жылдыгын” мисал келтиришет.

Кыргызстандын саясий элитасы менен интеллигенциясынын кыйласы кечээ күнү Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик филармониясында СССРдин жаштар уюму болгон Комсомолдун 90 жылдыгын белгилешти. Ага премьер-министр Игорь Чудинов баш болгон мамлекеттик жогорку кызматтагы адамдар да катышып, убагында “дүйнөдө мүчөлөрүнүн саны боюнча теңдеши жок болгон Комсомол жаштар уюмуна” мүчө болгондоруна сыймыктанышып, жалындуу сөздөрүн айтышты. Маселен, премьер-министр Игорь Чудинов, “Комсомол – бул өлкөнүн жашоосундагы бүтүндөй бир доор. Аны менен улуу СССРдин тарыхы, Кыргызстандын өнөр-жай курулушу ажырагыс болуп байланышкан”,- деп советтер империясын көтөрө чалды.

Ошентсе да Комсомолдун 90 жылдыгын жогорку деңгээлде өткөрүп, чоң иш-чарага айлантуунун тап-такыр кажети жок болгонун айткандар, адам укуктарын чексиз тебелеп, өз алдынча ойлонууга катуу чек коюлуп, башкача ойлонгондорду жана бейкүнөө адамдарды миллиондоп кыргынга учураткан кандуу режимдин продуктуларын көкөлөтүп мактоону “маңкурттук” катары баалагандар да кыйла бар.

“Кыргыз Концепт” компаниясынын президенти Эмил Үмөталиевдин пикиринде, эски, урап калган мамлекеттик түзүлүштүн, идеологиянын саркындыларын көкөлөтүп мактоо бери дегенде эле чоң катачылык. Бул – кыргыз саясий элитасынын барчу жолун таба албай алдастап турганын көрсөтүп турат:

- Бул бизди уялта турган, өкүнтө турган нерселерден. Бул – биздин кайсы бир жеке адамдарыбыздын, коомчулугубуздун кайсы бир бөлүгүнүн маңкурттугунун белгиси. Туура, биз баарыбыз ошол замандан өткөнбүз. Бизди ишендиришип, биз ишенип алып ошол системага кыйла иштеп келдик. Бирок бүгүнкү кезде ал жаңылыштык ойлор, философия, идеология жана мамлекеттик түзүлүштөн баш тарткандан кийин, биротоло баш тартыш керек да.

Мындай иш-чаралардын жогорку деңгээлде өткөрүлүп, колдонуп тургандыгында тышкы күчтөрдүн да таасири болушу ыктымал дешет. Айрым талдоочулардын айтымында, Кыргызстандын саясий элитасы дале эскиче түшүнүктөр менен жашап, Москвага кайра-кайра кылчактап, түздөн-түз көрсөтмө болбосо да ага окшогон ишараттарды илгиртпей илип алып, аша чаап кетишүүдө.

Айтмакчы, Орусиянын мурдагы президенти, азыркы премьер-министри Владимир Путин да СССРдин урашын ар убак чоң кыйроо катары баалап келатат:

Владимир Путин: - Советтер союзунун кулашы кылымдын эң чоң геосаясий кыйроосу болуп калганы тууралуу мен мурда да айткам. Алгач ушуну моюнга алып коюшубуз керек.

Москва мамлекеттик социалдык университетинин окутуучусу Борис Соколовдун пикиринде, СССРди көкөлөтүп мактаган азыркы башкаруучулар мурдагы доордун катачылыгын, ошол замандын башкаруучуларынын кылмышкерлер болгонун моюнга алышкысы келбейт. Кала берсе В.Путин бийликке келгенден бери радикал улутчулдар жогору жактан колдоого алына баштады:

Борис Соколов: - В.Путин бийликке келгенден бери массалык түрдө жогору жактардан ксенофобиялык үгүт иштери, радикалдарды колдоо байкалат. Ошол себептүү элдерде башка улуттагыларга, башка диндегилерге, өлкөлөргө каршы жек көрүү сезими пайда болууда.

Мындай агым акыры жакшылыкка алып келбесин айткан талдоочулар, мурдагы СССР доорундагыдай катаал репрессиялар кайталанып кетүүсүнөн чочулашат. Ошол СССР империясынын акыркы президенти Михаил Горбачев, кандуу режимдин каар заманын мындайча эскерет:

Михаил Горбачев: - Сталин бул бүтүндөй канга булганган адам болгон. Мен далилдердин баарын көргөм. Анын таңгак-

таңгак кылып кол койгон резолюциялары бар, Молотов, Ворошилов, Каганович жана Ждановдор менен. Ушулар негизги демилгечилер болушкан. Ал эми Молотов ар дайым “10 жыл түрмө жазасын атууга кетирүү менен алмаштыруу керек” деп кошумчалап турган.

Киев улуттук университетинин окутуучусу, профессор Влодимир Сергийчук, СССР түзүлгөнү миллиондогон бейкүнөө адамдар репрессияга учурап, эл душманы катары атылып, кыргынга учурашканын айтат. Азыркы кезге чейин алар тууралуу көп айтылбаганы менен андай кыргынга учурагандардын саны ар кыл булактарда 20 миллионго чейин жетет. Влодимир Сергийчуктун айтымында, Украинада эле 1932-1933-жылдары 7 миллиондой адам атайылап кыргынга учуратылган. Кийин ал окуя тарыхта “Голодомор курмандыктары” деген ат менен калат:

Влодимир Сергийчук: - Дыйкандардын азык-түлүктөрүн тартып алышканы аз келгенсип, аларга башка жактарга чыгууга, азык-түлүк издөөгө, сатып алууга, алмашууга же тамакты маңдай тери менен иштеп табууга тыюу салынган.

Айрым саясат талдоочулар, мына ушул сыяктуу себептерден улам ошол режимдин бутактарын көкөлөтүү туура эмес болорун, ал өлкөнүн өнүгүүсүнө кедергисин тийгизерин айтышат.

XS
SM
MD
LG