Бишкек шаардык гидрометеорология борборунун билдирүүсү боюнча, 31-октябрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кыска мөөнөттө жамгыр жаайт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0...+5, күндүз +5…+10 градус.
Талас, Баткен өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз +3…+8 градус.
Жалал-Абад, Ош аймактарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +4…+9 градус.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +7…+12 градус.
Нарында түнкүсүн -4…+1, күндүз +9…+14 градус.
Бишкек шаарында ала булут каптап турат, жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +3…+5, күндүз +7…+9 градус.