Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:25

Кабулда маалымат жана маданият министрлиги жайгашкан имаратта бомба жарылып, алты кишинин өмүрү кыйылды. Бул иштин жоопкерчилигин “Талибан” өзүнө алды.

Набыт кеткендерден тышкары жыйырмадай адам жарадар болду. Имараттын бир ыптасы кыйрап калды, эшик-терезелер талкаланды.

Министрликке адегенде үч киши кол салышкан. Күзөтчүлөргө автоматтан жабылта ок жаадырып, эки тарап атыша баштаганда алардын бири имаратка кирип кеткенге үлгүргөн. Ал түз эле жыйындар залын көздөй чуркап, чогулушта отурган адамдарга жеткенде белиндеги бомбасын жардырып жиберген.

Бул иш үчүн жоопкерчиликти “Талибан” кыймылы өзүнө алды. Телефон аркылуу Ассошейтед пресстин кабарчысына өзүн Забиулла Мужахид деп атаган киши бомбасына жарылып өлгөн жанкечти Хорст провинциясынын тургуну экенин, ага министрликте иштеген чет элдик кеңешчилерди тындым кылуу иши табышталганын тастыктады. Калган эки террорчу изин таптырбай качып кеткенге үлгүрдү.

Кабул өкмөтүнүн коопсуздук мекемелери террорчулар чындыгында маалымат жана маданият министри Абдул Карим Хорамдын көзүн тазалоону көздөшкөн деп айтышууда. Министрге талиптер былтыр майда Кандагарда кол салып, жарадар кылышкан эле. Бул жолу ал кеңсесинде эмес, башка жакта жүргөн экен. “Өлкөнүн маалымат жана маданият иштерин аркалап жаткан биздин мекеме душмандын башкы бутасы боло баштады. Алар мурда да биздин имаратка кол салганга аракет кылышкан эле”,-деп билдирди министр.

Кабулда быйыл эле талиптер бир нече ирет жанкечтилик кыянаттарды жасашты. Июлда Индиянын элчилигинде жарылган бомбадан 60тай адамдын өмүрү кыйылган болчу. Акыркы эки аптада гана ооган борборунда талиптердин колунан чет элдик жоон топ киши жайран болду.
XS
SM
MD
LG