Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:58

Сирияда миңдеген адам көчөгө чыгып, нааразылыгын билдиришти


Дамаскиде миңдеген адам көчөгө чыгып, америкалык тик учактардын Сириянын аймагындагы соккусуна нааразылыгын билдиришти. Сирия өкмөтү Ирак менен чегарада жайгашкан кыштакта орун алган соккудан 8 киши набыт болгонун ырастоодо. Демонстранттар антиамерикалык ураандарды чакырып, Сириянын президенти Башар Ал-Ассаддын портреттерин кармап турушту. АКШнын элчилиги ар кандай зомбулуктун чыгып кетишинен чочулап, бүгүн жабык болоорун жарыялаган. АКШ жекшемби күнкү операцияны расмий түрдө моюнга алган жок. Бирок атын атабаган америкалык расмий өкүлдөрдүн айтымында, рейд согушкерлер менен курал-жарактын Сириядан Иракка агылышына бөгөт коюуну көздөгөн.

XS
SM
MD
LG