Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:38

Риина Кионка: “Ийгилик элдин жана өкмөттүн чечимдерине көз каранды”


Европа биримдигинин адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын жеке өкүлү Риина Кионка
Европа биримдигинин адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын жеке өкүлү Риина Кионка

29-октябрь күнү “Азаттыктын” Бишкектеги студиясында Европа биримдигинин адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын жеке өкүлү Риина Кионка болуп, кабарчыбыз Илим Жанузаковдун бир катар суроолоруна жооп берди. Андан бир күн мурда Европа биримдигинен келген делегация Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү жана адам укуктары боюнча иш алып барган бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушуп, кызматташуу тууралуу сүйлөшүшкөн. Риина Кионка айым ошол жолугушуулар жана адам укуктары жаатындагы байкоолору тууралуу ой бөлүштү.

Риина Кионка: -Европа биримдиги былтыр жактырган Борбор Азия стратегиясынын алкагында кыргыз бийлиги менен адам укуктары чөйрөсүндөгү абалды талкуулоо үчүн келгенбиз. Шаркет ар бир борборазиялык өлкө менен адам укуктарына байланышкан маселелер боюнча диалог баштоодо.

Кыргызстандагы шериктерибиз менен адам укуктарына тиешелүү бир катар маселелерди сөз кылдык. Асыресе жарандардын өз оюн эркин билдирүү, жыйын өткөрүү, эркин чогулуу укуктары, дин эркиндиги, аялдар, балдар укуктарын да кеп кыла кеттик. Биз ошондой эле эларалык уюмдар менен кызматташтыкты талкуулап, адам укуктарын камсыздоодо улуттук деңгээлде кандай ыкмалар колдонооруна кызыктык. Кыскасы, бул маселелер боюнча кеңири пикир алмашуу болду.

Евробиримдик мындай диалогду 30дай өлкө менен куруп келатат. Биз үчүн бул - кырдаалды жакындан түшүнүүгө, проблемаларды козгоого жакшы шарт түзөт. Аны менен бирге биз кеп-кеңеш берүүгө да мүмкүнчүлүк алабыз.

Кыргызстанга байланыштуу козгогон проблемаларды буга чейин бир катар эларалык укюмдар да сөз кылып келишкен. Маселен, Венеция комиссиясы жана ЕККУ элдин эркин чогулуусу жөнүндөгү мыйзамды сындашты эле. Бизди да бул мыйзам тынчсыздантат.

Айта кетчү жагдай, бул сүйлөшүүлөр өтө жылуу, конструктивдүү маанайда өттү. Шериктерибиз биздин айткандарыбызды жакшылап угуп, Европа биримдигиндеги айрым көрүнүштөргө байланыштуу өз сын ойлорун айтышты, суроо беришти. Биз мындай суроолорду кубаттайбыз. Себеби, биздеги абал мыкты деген ойдон алыспыз. Адам укуктары чөйрөсүндөгү кырдаал дайыма жакшырып турушу керек.

“Азаттык”:- Риина айым, сиз бийлик өкүлдөрү менен да жарандык коомчулуктун өкүлдөрү менен да жолуккан экенсиз. Биз козгоп жаткан тема жааттында эки тараптын пикирлери канчалык деңгээлде айырмаланат экен. Кайсы тараптын айткандары чындыкка жакын деп ойлойсуз?

Риина Кионка: -Еврошаркет жарандык коомдун өкүлдөрү менен кызматташтыкка көп көңүл бурат. Буюрса, ушул жылдын этегине чейин Бишкекте жарандык коомдун өкүлдөрү үчүн жыйын өткөрөбүз деген үмүттөбүз. Ага адам укуктары тармагында аракеттенген европалык бейөкмөт уюмдар менен ошондой эле иш менен алектенген кыргызстандык уюмдарды чакырууну көздөп жатабыз.

Кыргыз бийликтери менен жолугушаардын алдында биз бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен кездешкенбиз. Өкмөттүн расмий адамдары менен бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү билдирген айрым көз караштар айырмаланып турду. Бирок бул бардык өлкөлөргө таандык кадыресе көрүнүш. Бул – тараптар аткарган эки башка ролдун бир бөлүгү. Биз муну эстен чыгарбоого тийишпиз.

Көпчүлүк учурда бейөкмөт уюмдар абалды кыйынчылыктарга тушуккан адамдардын турумунан алып баалашат. Расмий бийлик менен бейөкмөт уюмдар, мындайча айтканда, эки башка тилде сүйлөшөт.

“Азаттык”:- Ар кандай деңгээлде Кыргызстанда адам укуктары, сөз эркиндиги, мыйзамдуулуктун жогору коюлушу сыяктуу маселелер 2005-жылдан кийин алдыга жылмак тургай, кайра начарлоодо экендиги айтылып келет. Сиздер буга кандай баа бересиздер?

Риина Кионка: - Бул жакта байкалган тенденция биз каалагандай эместигин айтат элем. Кабыл алынган же кабыл алуунун алдында турган бир катар мыйзамдар камтама кылат. Сиз азыр эле айтып кеткен фундаменталдуу эркиндиктер чектелип жатканы тынчсыздантпай койбойт. Мен жогоруда жарандардын чогулуу укугу жөнүндөгү мыйзам тууралуу айттым эле. Биз бул мыйзам кайра каралып чыкса, жакшы болот эле деп эсептейбиз.

2005-жылкы окуяларга чейинки жана андан кийинки окуяларды салыштыруу кыйын. Эмне дегенде биз ага чейин кыргыз бийлиги менен пикир алмашкан эмеспиз. Бирок көп нерселер жасалганын, андандан көп нерсе жасалууга тийш экенин так айта алам.

“Азаттык”:- Дегеле демократиялык баалуулуктарды орнотуу жаатында Борбор Азия өлкөлөрүндөгү абалды, процессти салыштырып айта аласызбы?

Риина Кионка: - Мен Бишкекке отуруп алып, региондун калган бөлүгүндөгү абалга баа бергим келбейт. Биз бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен кездешкенде, алар бизди башкалар менен салыштырбагылачы деп айтып отурушту. Мен алардын каалоосун урматтап, салыштырбай эле коеюн. Анын үстүнө биз Кыргызстанды Борбор Азиянын калган жумурияттары менен эмес, эларалык стандарттар, өзгөчө ЕККУнун нормалары менен салыштырабыз. Өлкө ЕККУнун мүчөсү катары белгилүү милдеттенмелерди өзүнө алганын унутпайлы.

“Азаттык”:- Кыргызстан Борбордук Азиянын чок ортосунда, Европа өлкөлөрүнөн кыйла алыста, Кытай, Өзбекстан сыяктуу өлкөлөр менен чектешип, Орусиянын таасири абдан чоң. Орусиянын авторитардык режими сынга алынып, ошол эле убакта анын таасири өсүп жаткан чакта, балким, батыш үлгүсүндөгү демократиялык баалуулуктарды орнотууга Орусиянын да кандайдыр бир таасири болуп жүрбөсүн?

Риина Кионка: - Кыргызстан географиялык жактан кыйын жерде жайгашкан. Бир жагынан Россиянын тарыхый таасири, Кытай, түштүктө да оңой эмес коңшулар. География оңой-олтоң өзгөртүлө турган нерсе эмес. Мен өзүм эстониялыкмын. Өз өлкөмдүн тажрыйбасынан айтат элем: туура жолду тандап, ошол багытты кармансаңар, бул - максатка жетүү үчүн маанилүү фактор болуп калмакчы. Ооба, коңшулар таасир этпей койбойт, күчтүү державалардын кысымы болушу мүмкүн, бирок ийгилик элдин жана өкмөттүн чечимдерине көз каранды.

“Азаттык”: -Маегиңиз үчүн рахмат.

XS
SM
MD
LG