Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:14

Ингушетиянын президенти алмаштырылды


Орус президенти Дмитрий Медведев кечээги жарлыгы менен ингуш президенти Мурат Зязиковдун ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурда токтотту жана республика башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу кылып, аскерий адам Юнус -Бек Евкуровду дайындады. Ал буга чейин Орусиянын аскерий округдарынын биринде штаб башчынын орун басары болуп иштеп келген. Кремль ингуш лидеринин алмаштырылышы боюнча расмий түшүндүрмө берген жок.

Байкоочулардын баамында Ингушетия соңку кездери Түндүк Кавказдын кооптуу республикасына айланып, акыркы айларда президент Зязиковдун бийлигине нааразылыктар менен катар бийлик жана коопсуздук мекемелеринин өкүлдөрүнө кол салуулардын толкуну күчөгөн.

XS
SM
MD
LG