Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:36

Динге байланыштуу мыйзам келерки аптада кабыл алынуусу мүмкүн


Өкмөттүн алдындагы дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Каныбек Осмоналиев “Диний уюмдар жана ишеним эркиндиги” жөнүндө мыйзам долбоору мындан беш жыл мурда эле түзүлө баштаганын, Венеция комиссиясы менен ЕККУнун сунуштары эске алынганын билдирди. Анын айтымында, аталган мыйзам толук түрдө бүгүнкү күндүн талабына жооп берет. “Учурда каттоодон өтүүгө ар кандай диний секталардан 150 арыз түшкөн”,-дейт Осмоналиев. Президенттин парламенттеги өкүлү Камбаралы Конгантиев болсо өлкө аймагында буга чейин болгон диний багыттагы баш аламандыктарды эске алып, мамлекеттин жана улуттун коопсуздугу үчүн аталган мыйзам долбоорун кабыл алууга депутаттарды чакырды. Комитет төрагасы Зайнидин Курманов айрым депутаттардын пикирлери менен макул эместигин, Кыргызстан секулярдык мамлекет экенин, Конституцияда адам укугу биринчи орунда тургандыктан мамлекет динден тышкары болушу керектигин белгиледи. Парламент отурумунда депутаттардын теңинен көбү жок болгондуктан бул маселени келерки бейшембиде кароону сунуштады. Анын сунушу эске алынып динге байланыштуу мыйзам долбоору 6-ноябрда карала турган болду. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG