Бул тууралуу “Акыйкат үчүн” кыймылынын координатору Аликбек Жекшенкулов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, учурда өлкөдөгү оппозициялык күчтөрдүн лидерлери биригүү тууралуу мунасага келишип, меморандумдун тексти иштелип жатат. “3-ноябрда өтүүчү Коомдук парламенттин отурумунда жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыгы, өлкөдөгү саясий-экономикалык жана системалык кризис талкууланып, бириккен оппозициялык күчтөрдүн программасы каралат”,-дейт Жекшенкулов. Маалыматка караганда, “Акыйкат үчүн” кыймылдагы “Ата Мекен”, “Ак шумкар”, “Асаба”, “Таза коом”,”Ар намыс”, Улуу биримдик” баш болгон он чакты партияларга СДП жана “Биримдик” партиясынын биригиши күтүлүүдө. (AJ)