Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:36

Дин мыйзамынын кабыл алынышына бир нече топ кызыкдар


Серепчи Кадыр Маликов “Азаттыктагы” маегинде мыйзамдын кабыл алынышына биринчиден мамлекет кызыкдар экенин белгиледи. Бийлик муну менен баардык диний уюмдарды көзөмөлгө алгысы келет. Мыйзам аркылуу Кыргызстандагы салттуу дин өкүлдөрү ордун бекемдөөнү каалашат. К. Маликовдун баамында, маселен Муфтият башка диний уюмдарга, секталарга каршы өзү туруштук бере албайт. Анткени бул жамааттагы паракорчулук, кадрлардын жетишсиздиги сыяктуу маселелерден улам өзгөчө кадыр-баркка деле ээ эмес. Эгер мамлекет мыйзамга такап экстремисттик маанайдагы, мисалы Хизб-ут-Тахрир сыяктуу ишмердүүлүгүнө тыюу салынган диний топторду тескей баштаса, алар ар кандай нааразылык чараларды өткөрүшү ыктымал. Хизбутчуларды бийлик мыйзам менен жөнгө сала албайт жана ушундан улам бул жааттагы жаңжал тереңдеп, курчуп кетиши мүмкүн, дейт К. Маликов. Бүгүн Жогорку Кеңеш “Дин ишеними тууралуу” мыйзамдын долбоорун талкуулады. Түштөн кийин депутатттардын жетишсиздигинен экинчи окууда мыйзам кабыл алынбай калды. Эгерде дин боюнча жаңы мыйзам кабыл алынса, Кыргызстанда дин уюмдарын түзүү үчүн буга чейинкидей он киши эмес, мүчөлөрүнүн санын эки жүздөн кем болбошу керек. (EBM)

XS
SM
MD
LG