Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:37

Ислам университети лицензия алгысы келет


Ислам университетинин биринчи проректору Равшан Акимбай уулу “Азаттыкка” аталган окуу жай билим берүү министрлигинин каттоосунан өтүп, лицензия алууга дилгир экенин билдирди. Бирок азырынча аталган министрликтин талабына ылайык, Ислам университетинде лайык (светтик) сабактарды өткөн окутуучулар жетишсиз. Ушундан улам каттоодон өтүүгө даяр болбой жатат, дейт Р. Акимбай уулу. Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда элүүдөй диний окуу жай бар. Бирок алардын дээрлик баардыгынын лицензиясы жок. Дин иштер боюнча агенттиктин статс-катчысы Шайлообек Үркүнбаев “Азаттыкка” дин боюнча негизги мыйзам кабыл алынгандан кийин, диний окуу жайлардын ишмердүүлугун жөнгө салган жаңы мыйзам долбоор талкууга коюларын маалымдаган. Учурда атайын жумушчу топ түзүлүп долбоор даярдалып жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG