Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:30

Жалал-Абат: Сапатсыз курулган үйлөрдөн жабыр тарткандар арбын


Облустун жер көчкү жана табият кырсыгы болушу ыктымал болгон тоолуу аймактарында 800 үй-бүлөгө жакын калк жашайт. Үй ээлери түшүндүрүү иштерине карабай, ата-конушу болгон жайларынан көчпөй келатышат. Быйыл жыл башында жер силкингенде Аксы районундагы Дерес айылында 35 үй-бүлө жабыр тартып, аларга тиешелүү жардам берилген. Зилзалага чыдамдуу турак-жайларды курууга элет калкынын каражаты чакталуу. Көпчүлүгү архитектуралык жана экологиялык талаптарды эске албай, адистер менен кеңешпей, өздөрү билгендей курушкандыктан тургузулган үйлөрдө жашоо кооптуу. (YA)

XS
SM
MD
LG