Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:38

Кызылча айдаган дыйкандардын кызылдай эмгеги күйүп кетеби?


Чүйдөгү орусиялык кожоюндар иштетип жаткан «Каинды- Кант» ишканасы жергиликтүү дыйкандардын кант кызылчасын кабыл алуудан баш тартып, башка өлкөлөрдөн алынып келинген чийки затты иштетип жатат.

- Менин атым Роза Мамбетова. Былтыр бир уйду сатып олтуруп кант кызылчасынын сепкен элем. Аягында 1 кг кант кызылчасын 1 сом 70 тыйынга араң өткөрдүк. Эмгегибиз күйүп кетти. Эми кант кызылчаны айдабай калдык.

Бул маектешибиз өңдүү Чүйдөгү дээрлик дыйкандар былтыр бүтүн эмгегин күйгүзүп жиберишкен. Ал учурда Чүйдүн аймагында жалгыз иштеп жаткан «Каинды- Кант» ишканасы канттын бир килин 1сом 70 тыйындан алган, анда да суроо талаптын, сурануунун арты менен. Быйыл болсо такыр эле сүйлөшүүгө барган жок.

Былтыр аймактагы 8100 гектар жерге кызылчанын үрөнү себилген, быйыл ал көрсөткүч 761 гектарга чейин кыскарды. Учурда дыйкандар ошол өстүрүп алгандарын да кайда, кантип өткөрүүнү билбей турушат.

Учурунда Чүй аймагында кант кызылчасын иштетүүчү беш завод иштеп келген. Алардын бири Сокулуктагы «Кошой» кант заводу азыр иштебей турат. Токмоктогу кант заводу эчак жер менен жексен болгон. Башкалар дагы так ушул кейипте.

Ал эми учурда иштеп жаткан «Каинды- Кант» ишканасы болсо орусиялыктардын ээлигине өткөн. Бул туурасында Чүй облусунун губернатору буларды билдирет.

- Өткөн жылы Кара- Балтада өткөн атайын жыйында мен айттым. «Каинды-Канттын» жетекчилиги биз менен сүйлөшүүгө барбай жатат. Ошол ишкананы Кыргызстандыктар, чүйлүктөр курган. Алар жеке менчикке өткөрүп алгандан кийин билгенин кылып, каалаган өлкөдөн алынып келинген чийки затты иштетип жатышат. Бир жолу биз менен сүйлөшүүгө келишкен менен азыр такыр эле дайыны жок болуп кетишти. Азыр кант кызылчасынын абалы начар.

Жыйынтыктап айтканда кант кызылчасынын тагдырын чечүүгө быйыл дагы облустук бийликтин күчү жеткен жок. Алар «Каинды- Канттын» оруссиялык жетекчилери менен бир пикирге келе албай калышты. Быйыл дагы ортодо дыйкандардын бир жайлык эмгеги күйүп кетти көрүнөт.

XS
SM
MD
LG