Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:03

Кант кызылчасына байланыштуу чукул жыйын болот


Жыйын шейшемби күнү Панфилов райондук администрациясында болуп, ага бир катар өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусу күтүлүүдө. Аталган райондун акими Самарбек Күчүковдун “Азаттыкка” маалымдашы боюнча ушул тапта кызылчаны кайра иштетүү боюнча Кыргызстандагы жалгыз ишкана “Кайыңды” кант заводу дыйкандардан кызылча сатып алуудан баш тартып жатат. Акимдин айтуусунда жергиликтүү эл Панфилов районундагы “Кайыңды” кант заводун мамлекеттин менчигине кайтаруу тууралуу талап коюшууда. Учурда жалпы Чүй облусунун дыйкандарынын колунда 15 миң тоннадан ашуун кант кызылчасы бардыгын белгилеген аким: “Эгер аны сатып өткөрө алышпаса, анда алардын жайды жайлай кылган мээнети талаага кетет,” деп кошумчалады. Самарбек Күчүков дыйкандардын кызылчасын сатып өткөрүү тууралуу сүйлөшүү үчүн эртең коңшулаш Казакстандын Жамбыл облусунун жетекчилиги менен жолугушмакчы. Отуз жылдан ашуун кызылчаны иштетип келген Кайыңды кант заводу 2000-жылы мурдагы президенттин күйөө баласы Адил Тойгонбаев тарабынан менчикке чыгарылып, андан ары орусиялык ишкерлерге сатылган. Ишкананын азыркы жетекчилиги элден кызылча сатып алуудан өткөн жылы да баш тартканы белгилүү. (ZKo)

XS
SM
MD
LG