Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:09

Жер титирөөдөн жапа чеккен пакистандыктарга миллиондогон доллардык жардам керек


“Кызыл Чырым” кайрымдуулук уюмунун бүгүнкү билдиргенине караганда, Пакистандагы кубаттуу зилзала болгон аймакка жетишээрлик жардам көрсөтүү үчүн жети жарым миллиондон ашуун АКШ доллары талап кылынат. Аталган уюмдун айтымында, учурдагы эң негизги маселе - бул жер титирөөдөн кийин үй-жайсыз калгандарга кыш кирип кете электе турак-жайларды тез арада куруп берүү. Жума күнү АКШ бул табигый кырсыктан жапа чеккендерге жардам ирээтинде бир миллион АКШ долларын которууну убада кылган. Чордону Балужистан аймагында болгон 29-октябрдагы жер титирөөдөн 215тей адам набыт болгон.

XS
SM
MD
LG