Ушул мүнөттөрдө улантылып жаткан жолугушууда үч мамлекет башчысы Азербайжандагы жикчил аймак Тоолуу Карабак тууралуу талкуу кылууда. Тоолуу Карабак аймагы Азербайжандын негизинен армяндар отурукташкан аймагы. Аталган аймак 1990-1994-жылдардагы 30 миң адамдын өлүмүнө жана миллиондогон тургундардын бозгунга кетишине себеп болгон согуштук жаңжалдан кийин иш жүзүндө расмий Бакуга баш ийбей калган. Бүгүнкү жолугушуу тууралуу алдын-ала оюн билдирген Армениянын тышкы иштер министри Эдуард Налбандиан сүйлөшүүлөр - өтө маанилүү баскыч болуп калаарына ишеничин айтты.