Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:34

Бишкекте баарынан кыйыны - жол тыгыны


Бишкекте 300 миңге жакын автоунаа каттоодон өткөн.
Бишкекте 300 миңге жакын автоунаа каттоодон өткөн.

Батыштын ири шаарлары сымал Бишкекте да жол тыгындар көйгөйлөрү пайда боло баштады. Айрыкча электр жарыгынын өчүшүнөн борбордук көчөлөрдө күчөгөн автоунаа тыгындары шаар тургундарын нааразы кылууда.

Электр жарыгынын маал-маалы менен өчүрүлүшү шаар көчөлөрүндө башаламандыкты пайда кылып, жол кырсыгына себепкер болууда. МАИ башкармасынын бөлүм башчысы Абдуроман Сейдибалиевдин айтымында жолдогу тыгындарды жөнгө салуу үчүн МАИ кызматкерлерининин жоон тобу чоң көчөлөрдөн кесилишинде иштөөдө. Бирок электр жарыгын өчүрүүнүн графиги дал келбегендиктен кызматкерлер жетишпей жатышат.

Бишкек шаардык жол курулуш башкармасынын жетекчисинин орун басары Абдыжапаркул Жанболотов учурда борбор шаардын көчөлөрүндөгү аң-чөнөктөрдү жамап-түздөө иштери жүрүп жатканы да унаа тыгындарын убактылуу пайда кылышы мүмкүндүгүн моюнга алды.

Учурда Бишкек шаарында эле 100 миңге жакын автоунаа каттого алынса, ар күнү шаар көчөлөрүндө 50-60 миңге чукул автоунаа жүрүп тураарын МАИ башкармалыгынан билдиришти.

Кеминдик айдоочу Ислам Исраиловдун айтымында, жолдогу светофорлордун эскилиги жана айрым чоң жолдордун кесилишине анын мурда орнотулбай калгандыгы да унаа тыгындарын пайда кылууда.

- Бул жердеги чоңдор оңдоп атабыз дегени менен борбордук жолдор оңдолуп, башка жактагы жолдор каралбай калбадыбы. Боом капчыгайы, Нарын тараптан эмнеге көп кырсык катталып атат. Демек автожолдор кууш, жаман. Чуңкурлардан буйтайбыз деп атып сүзүшүп атышпайбы. Менин оюмча жол кырсыгынын чыгышына негизинен кан жолдордун талапка жооп бербегени, светофорлордун эскилиги жана жетишсиздиги себеп болууда.


Бишкектин тургуну Роза Медетбекова болсо Транспорт министрлиги бир тараптуу жолдорду, ыкчам жүрүүчү жолдорду көбөйтсө, ошондой эле МАИ тармагы жол эрежелерин бекем сактоонун механизмин иштеп чыкса, унаа тыгындары азаймак, - дейт.


Учурда бир көчөгө светофор орнотуунун наркы 1 млн. 400 миң сомду түзөт. Ошондуктан кеңеш доорунда орнотулган светофорлордун да иштөө мөөнөтү эбак бүтсө дагы, эптеп оңдоп-түздөп иштетилүүдө. Өлкөнүн айрым аймагында светофорду унутуп да калышкан.

Учурда Бишкектин элүүгө жакын жол кесилишине светофор орнотуу зарылдыгы келип жеткен. Жаңы үлгүдөгү светофорлорду орнотуу үчүн 63 млн. сом каражат зарыл. Бирок мындай каражатты өкмөт жакын арада чечип берүүсү күмөн.

  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG