Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:01

Тоолуу Карабак маселеси боюнча Маскөө четинде сүйлөшүү жүрдү


Бүгүн 2-ноябрда Маскөөнүн чет жакасындагы орус президентинин резиденциясында өткөн жолугушууда Орусия президенти Дмитрий Медведев, Армения президенти Серж Саркисян жана Азербайжандын мамлекет башчысы Илхам Алиев жикчил аймак Тоолуу Карабактын болочогу тууралуу талкуу кылды. Андан соң президенттер Тоолуу Карабак жаңжалын тынч жол менен чечүү тууралуу декларацияга кол коюшту. Декларацияда жаңжалды эл аралык кепилдик шартында тынчтык жолу менен чечүү жолдорун иликтөө зарылчылыгы белгиленген. Тоолуу Карабак аймагы Азербайжандын негизинен армяндар отурукташкан аймагы. Аталган аймак 1990-жылдардын башында 30 миң адамдын өлүмүнө жана миллиондогон тургундардын өз жайынан качып бозгунга кетишине себеп болгон согуштук жаңжалдан кийин иш жүзүндө расмий Бакуга баш ийбей калган.

XS
SM
MD
LG