Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:47

Иранда америкалык элчиликке болгон чабуулдун 29 жылдыгы белгиленди


Ирандын мамлекеттик сыналгысы кабарлагандай, өлкөнүн булуң-бурчунда миңдеген адам америкалык элчиликке болгон чабуулдун 29 жылдыгын белгилешти. Тегеранда мурда АКШнын элчилиги жайгашкан имараттын жанына чогулган эл антиамерикалык, антиизраилдик ураан чакырып, эки мамлекеттин желектерин өрттөштү. 1979-жылы элчилик Иранга каршы кутумдун борбору деген студенттер 444 күн бою америкалык 52 жаранды барымтада кармап келишкен. Окуядан кийин АКШ Иран менен дипломатиялык алкаларын үзүп койгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG