Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:27

Кечээ Беларус президенти Александр Лукашенка Ливиянын лидери Муамар Каддафи менен Минскте жолугушту. Бул Ливиянын мамлекет башчысынын Беларуска СССР ыдырагандан берки алгачкы сапары.

Беларус президенти Александр Лукашенка Муамар Каддафини 2-ноябрда Минсктеги аба майданында тосуп алды.

Андан соң эки лидер расмий сүйлөшүүлөрдү өткөрүшүп, бир катар макулдашууларга, анын ичинде кошкабат салык жана сот системасында эки тараптуу кызматташтык тууралуу келишимдерге кол коюшту.

Ливиянын президенти Каддафи менен жолугушуудан кийин Лукашенка эки өлкөнү салыштырууга ашыкты:

- Биз эл аралык аренадагы сиздин жеңишиңиз үчүн кубанычтабыз. Биз мыйзамсыз киргизилген эларалык чектөөлөргө туруштук берүү канчалык кыйын болгонун жакшы билебиз. Бирок ушуга карабастан өлкө бүгүнкү эларалык саясаттын багытын аныктаган мамлекеттердин катарына көтөрүлө алды.

Адам укугун одоно бузган деп Батыш өлкөлөрү Лукашенканын режимине чектөө киргизген. Ливия эларалык саясаттан четтетилгенине карабай 2000-жылы Александр Лукашенка Триполиге иш сапары менен барган.

Роналд Рейган “Жакынкы Чыгыштагы кутурган ит” деп атаган Каддафи бүгүн абройлуу дипломаттык өнөктөшкө айланды. Ал эми Вашингтон “Европанын акыркы диктатору” деген лакап ат берген Лукашенканы азыр деле эларалык коомчулук өгөйлөп келет.

2005-жылы Каддафи массалык кыргын куралдарынан баш тартуу чечимин кабыл алып, террорчулукту жектеп, 1986-жылы Берлиндеги жардыруу, 270 адамдын өмүрүн алып кеткен 1988-жылдагы Шотландиянын учагынын жарылуусу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алгандан кийин Батыш өлкөлөрү расмий Триполи менен дипломатиялык алакаларды жандандырган.

Беларус байкоочуларынын баамында, Лукашенка азыр дүйнө коомчулугунун көз алдындагы аброюн көтөрүү менен алектенүүдө. Минсктеги саясат таануучу Андрей Федоров буларды айтат:

- Беларус камоодо калган мамлекет болбогонун, өлкө лидерлери бизге сапар жасап турат деген маанайды көрсөтүү үчүн расмий Минск Каддафинин сапарына муктаж болду. Тараптар ошондой эле экономикалык жана кайсы бир деңгээлде аскерий байланыштарын кеңейтүүгө умтулуп жатат сыяктуу.


Ал эми Москвадагы “Орусия дүйнөлүк иштерде” аттуу журналдын башкы редактору Федор Лукьяновдун айтымында, Каддафи менен жакшы мамиле түзүүнү жалгыз гана расмий Минск каалап жаткан жок:

- Учурда ири өлкөлөр таасири азырак, бирок саясий жактан маанилүү өлкөлөр менен мамилелерин бекемдөө үчүн атаандашууда. Ливия – бай, жетишерлик деңгээлде маанилүү өлкө, менимче дүйнөлүк саясатта багытты аныктаган өлкөлөр бул жарышта алдыга озуп чыгууга аракеттенүүдө жана Каддафи мындан өзүнө пайда таба алат.


Беларуска жол тартар алдында Ливиянын президенти жекшемби күнү Москвада болгон. Беларустан соң Ливия лидери Украинага барат.
XS
SM
MD
LG