Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:31

АКШда кимдин президент болгону КМШга жакшы?


Бүгүн АКШда эки талапкердин бири – же демократ Барак Обама, болбосо анын республикачыл атаандашы Жон Маккейн президенттин мандатын алат. Жаңы президенттин тушунда АКШнын тышкы саясаты кандай болот, дүйнөдөгү абалга, айрыкча КМШ өлкөлөрүндөгү кырдаалга кандай таасирин тийгизет?

Москвалык экономист Михаил Делягин ким президент болсо да АКШ дүйнөлүк лидерлик күрөшкө кайра киришерин, бул Россия үчүн жаңы проблемаларды пайда кыларын калетсиз иштей көрөт.”Кандай болгон учурда да Пакистанда баш аламандык жайылат, дүйнөдө кырдаал жалпысынан кыйчалыштайт. АКШ менен Кытайдын атаандаштыгы күчөйт. Мындай шартта Россияга ортодон өзүнө орун тапканга туура келет. Адатта атаандаш эки өлкө менен бирдей өлчөмдө өнөктөш боло билүү үчүн чоң өнөр, чоң жигер талап кылынат, мунун баары, тилекке каршы, Россияда азыр жок”,-дейт Делягин.

Алматылык көз карандысыз эксперт Айдос Сарым жергиликтүү бийлик өкүлдөрү арасында казак өкмөтү үчүн Маккейнге караганда Обаманын президент болушун оң көргөн көз караштар кеңири таралганын белгиледи. Муну ал өзү жаңылыш пикир деп эсептейт. “АКШда бийликке демократтар же республикачылар келеби, бул өлкө тышкы саясатын бир калыпта жүргүзүп келатат”. Андыктан бир катар чөйрөлөрдө, айрыкча “демократия, адам укуктары маселесине келгенде Обама жеңсе да, Маккейн утса да казак бийликтери үчүн оңой болору күмөн”.

Тажикстандык саясий аналитик Абдигаффор Камол учурунда президент Жорж Буш АКШнын саясаты мындан 25-30 жыл мурда эле аныкталган, өкмөт болгону аны жүзөгө ашырып жатат деп айтканын эске салды. Демек, ким президент болсо да Вашингтондун Тажикстан өңдүү чакан өлкөлөргө мамилеси кескин өзгөрүп кетпейт. Болгону Обама Ооганстандагы терроризмге жана маң аткезчилигине каршы күрөштү күчөткөнгө бекем убадаларды бергенин эске алганда, Вашингтон ушул аңытта гана Тажикстанга биртке көбүрөөк көңүл буруп калышы ыктымал.

Армения үчүн деле кимдин президент болушу маанилүү эмес. Негизгиси - быйыл августтагы окуялардан кийин Вашингтон Кавказдагы позициясын бекемдей алабы, кеп ушунда. Еревандык саясий баяндамачы Ричард Григосян ”бери эле дегенде Армения, Азербайжан сыяктуу өлкөлөрдө демократиянын керагар кетип баратканына мындан ары Вашингтон унчукпай же аярланып карай албайт” деп үмүт кылат. Эмнеге дегенде региондогу стабилдүүлүк түбү барып лидерлердин өз элине жана эл аралык нормаларга жоопкерчиликтүү мамиле кыла билишине байланыштуу болот. Азырынча болсо Кавказдагы президенттерде мындай сапаттар көрүнө элек.

XS
SM
MD
LG