Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:24

Ички иштер министри кызматкерлерине катуу талап койду


Жогорку кеңештин депутаты Руслан Шаботоев жана Бактияр Амражановдун жоголушуна байланыштуу кылмыш ишин иликтеген тиешелүү кызматтарга ички иштер министри Молдомуса Конгантиев катуу талаптарды койду.

Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Бул маселе боюнча Ысык ата, Аламүдүн,Сокулук райондорунун ички иштер бөлүмдөрүнүн начальниктерине, Бишкек ШИИБ жетекчиси Дегенбаевге, ИИМдин иликтөө иштери менен иштеген жигиттерге министр Молдомуса Конгантиев катуу талаптарды коюп, акыркы мөөнөт берди. Эгерде ошол мөөнөттө кимде-ким тиешелүү милдеттерди аткарбаса, ИИМ тарабынан чара көрүлө тургандыгы эскертилди.

Буга чейин парламент депутаты Жусупжан Жээнбеков кесиптеши Руслан Шаботоев жана уулу Бактияр Амиражановдун жоголушуна байланыштуу ишке Чүй облусунун, Ысык-Ата, Аламүдүн райондорунун ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери шалаакылык менен мамиле кылып жатканын билдирген. (AJ)

XS
SM
MD
LG