Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:52

Бишкекте террорго каршы күрөш боюнча конференция башталды


“Террорго каршы күрөштө мамлекеттик бийликтин, атуулдук коомдун жана бизнестин өнөктөштүгү” деп аталган регионалдык конференция Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети жана ЕККУ тарабынан уюштурулду. Ага Бириккен Улуттар Уюму, Шанхай кызматташуу уюму жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун өкүлдөрү, Борбор Азия мамлекеттеринин атайын кызматтарынын, парламенттеринин, өкмөттүк эмес уюмдарынын өкүлдөрү катышууда. Кыргызстан тышкы иштер министри Эднан Карабаев мындай курамдагы жыйында терроризмге каршы натыйжалуу күрөшүүнүн чараларын иштеп чыгууга болоорун белгиледи. Конференцияда мамлекет, өкмөттүк эмес уюм жана атуулдук коомдун террорго каршы биргелешип аракеттенүүсүн, өнөктөштүктүн ыкмаларын, жолдорун иштеп чыгуу талкууланат. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG