Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:53

Кыргызстан-Иран өкмөт аралык комиссиясы жыйналды


3-октябрда Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинде Кыргызстан менен Ирандын соода-экономикалык кызматташуу боюнча комиссиясынын тогузунчу жыйыны болду. Кыргыз тараптын комиссиясын экономикалык өнүктүрүү жана соода министри Акылбек Жапаров, ал эми Иран тараптыкын соода министри Сейед Масуд Мирказеми жетектеди. Комиссия жыйынында эки тараптын соода, инвестиция багытында кызматташуусуна байланыштуу маселелер талкууланды. Маселен, ирандык компаниянын Таш-Көмүр шаарында жылына 1 миллион тонна цемент чыгаруучу завод курууга киришүүсү кубаттоого алынды. Ушул эле күнү түштөн кийин кыргыз-иран экономикалык форуму болуп, анда эки өлкөнүн соодасы өсүү жолунда экени белгиленди. 2007-жылы эки тараптын соодасы 16 миллион 700 миң доллар болсо, быйылкы жылдын сегиз айында 12 миллион 900 миң долларга жетип, 26.5% өсүштү камсыз кылган. Иран тарап кызматташууларды өнүктүрүү үчүн Соода Кеңешин түзүүнү сунуштады.(AiT)

XS
SM
MD
LG