Мына ушундай пикирин социал-демократиялык фракциянын депутаттары бугүн маалымат жыйынында билдиришти. Фракция жетекчиси Бакыт Бешимов менен депутат Роза Отунбаева ошондой эле оппозициялык күчтөр 3-ноябрда кол койгон меморандумга түшүндүрмө беришти. Социал-демократтар системаны алмаштыруу максатын ишке ашырууда мурдагы катачылыкты кайталабаш үчүн концепциянын механизмдерин так иштеп чыгып, цивилизациялык жолду тандоо керек деп эсептешти. Депутаттардын айтымында, бул максаттарды ишке ашыруу үчүн 2010-жылдагы президенттик шайлоого чейин убакыт жетиштүү.(AiT)