Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:32

Б. Бешимов: К.Бакиев кийинки мөөнөткө барбашы керек


Мындай пикирин Социал-демократтар партиясынын парламенттеги фракция башчысы Бакыт Бешимов бүгүн уюштурулган маалымат жыйынында билдирди. Саясатчы Курманбек Бакиев үчүн беш жылдык президенттик мөөнөт жетиштүү деп санайт. Бешимовдун баамында, бириккен оппозиция бул жооптуу ишке өтө кылдат, жеке кызыкчылыктан өйдө мамиле жасап, мамлекеттин башчысын тандоо үчүн элге чынчыл, коррупцияга каршы күрөшкөн, демократиялык өнүгүүнү жактаган лидерди сунушташы керек.
Ал эми фракция мүчөсү Роза Отунбаева келерки президенттик шайлоого бириккен оппозициядан бир нече талапкер сунушталышы толук ыктымал дейт. Ошондуктан, 2010-жылга чейин бириккен оппозиция көз караштарды жакындатуу жаатында мүмкүн болушунча тыгыз иштеп, бирдиктүү чечим жарыялоого умтулат.(AiT)

XS
SM
MD
LG