Мындай пикирин парламенттеги социал-демократиялык фракциянын депутаттары бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Азыркы парламентти таркатуу демилгеси болсо, “Ак шумкар” партиясы тарабынан көтөрүлүүдө. Ал талкууну талап кыла турган маселе. Партиянын жакынкы мезгилдеги негизги максаттарынын бири - 2010-жылдагы президенттик шайлоого даярдык көрүү, деп белгиледи СДП фракциясынын депутаттары. Айрым талдоочулар, келечектеги президенттик шайлоого социал-демократиялык партиядан партия лидери Алмазбек Атамбаев жана Бакыт Бешимовдун бараарын белгилешүүдө.(AiT)