Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:32

Экономика министри арак заводун ачууну сунуштап жатат


Экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаров Кыргызстанга эки арак заводун куруу сунушун жакын арада өкмөтө жиберет. Министр бул тууралуу оюн бүгүн Жогорку Кеңештин экономика, бюджет жана каржы комитетинин жыйынында билдирди. Министрдин айтымында, арак заводу күнүнө жүз миң дакалитрден аз эмес спирттик продукциясын өндүрүп, бүт Кыргызстанды камсыз кылуусу керек. Эгер министрликтин бул сунушу кабыл алынса, жаңы технологиялар менен иштей турган ишкерлерге тендер жаыялайт. Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда алтымыштан ашуун завод лицензия алган болсо, бүгүнкү күндө алардын жетөө гана иштеп жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG