Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:56

М.Конгантиев жоголгондорду издөөнүн жүрүшүнө нааразы


Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев 3-ноябрда жыйын куруп, анда 30-сентябрдан бери дайынсыз жок болгон Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Шаботоевди жана ага чейин жоголгон Жогорку Кеңештин депутатынын уулу Бактияр Амиражановду издөөнүн жүрүшүнө нааразылыгын билдирген. Министр оперативдик издөө топтордун ишиндеги кемчиликтерди белгилеп, издөөдөн натыйжа чыгарууга 10 күн убакыт берип, андан кийин министрликтин жетекчилиги тийиштүү чараларды көрөрүн билдирген. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан бүгүн кабарлашты. Маалыматка караганда, Р.Шаботоев жана Б.Амиражановду издөөгө бир миң милиция кызматкери тартылган. Алар Бишкек шаарында, Чүй облусунда түрө кыдырып издөөлөрдү жүргүзгөн. Издөө ишин жетектөө миинстрдин орун басарлары Т.Субанов жана Д.Федоровго жүктөлгөн.(AiT)

XS
SM
MD
LG