Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:57

Чүй дыйкандары Кайыңды кант заводун сотко берет


Бүгүн Чүй облусунун Панфилов районунда кант кызылчасын өстүргөн дыйкандар жыйын куруп, анда Кайыңды кант заводу кызылчанын тушүмүн албай жатышына наазарылык билдиришти. Район акимчилиги дыйкандардын нааразылыгын колдоп, заводдун жетекчилигин сотко биргелешип берүүнү чечишти. Өз кезегинде заводдун жетекчилиги кант кызылчасын сатып алуу боюнча дыйкандар менен келишим түзүлбөгөнүн, ошондуктан жоопкерчиликти албай тургандыктарын билдиришүүдө.Дыйкандар 400 гектардай аянттан жыйналган 15 миң тонна кант кызылчасын тапшыра албай жатышат. Азыркы мезгилде Кайыңды кант заводу иштебей турат. (AiT)

XS
SM
MD
LG