Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:42

К. Бакиев Кыргызстанга 20-ноябрдан кийин келет


20-октябрдан бери Германияда бутунун муундарын дарылатып жаткан президент Курманбек Бакиевдин ноябрь айынын аяк ченинде Кыргызстанга кайтып келиши белгиленүүдө. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Нурланбек Шакиев бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, президентке өлкөдөгү абал тууралуу маалымат берилүүдө жана президент телефон аркылуу байланышты кармап турат. Президент Курманбек Бакиев быйылкы жылдын март айында Германиянын клиникасында алгачкы ирет бутунун муундарын дарылатууга жаткан. Дарыгерлердин кеңеши менен учурда дарылануунун экинчи курсунан өтүүдө.(AiT)

XS
SM
MD
LG