Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:24

Быйыл картошка өткөн жылдан арбын жыйналды


Былтыркыга салыштырмалуу картошка жүз миң тоннага көп казылып алынганын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлигинен “Азаттыкка” билдиришти. Быйыл жалпысынан бир жарым миллион тоннага жакын картошка жыйналат деп болжолдонуп жатат. Азыр түшүм дээрлик жыйналып бүтүп калды. Дыйкандардын быйыл кургакчылыктын айынан картошканын түшүмү былтыркыдай болбой калды деген арыз-муңун “Азаттык” жазып чыккан эле. Анда баалардын да көтөрүлүп жатканы айтылган. Аны аталган министрлик четке кагып, быйыл картошка арбын алынганын маалымдады. Кыргызстан бир жылда алты жүз миң тоннага чукул картошка керектейт. Ар бир адам ошондо бир жылда жетимиш килограммдай картошка жейт. Калганы экспортко жана кайра иштетүүгө жумшалат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG