Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:11

АКШда алгачкы шайлоо бекеттери жабыла баштады


Шайлоо бекеттери алгачкылардан болуп АКШнын чыгыш жээгине жакын штаттарында жабылууда. Шайлоо бекеттеринде жүргүзүлгөн сурамжылоого же экзит полдорго негизделген баштапкы божомолдорго караганда, Кентукиде МакКейн, ал эми Вермонт штаттында Барак Обама алдыга чыккан. Кентукинин шайлоочулар коллегиясында сегиз, Вермонттун үч добушу бар. Президенттик шайлоодо жеңип чыгуу үчүн шайлоочулар коллегиясындагы 538 өкүлдүн кеминде 270нин добушу талап кылынат. Шайлоочулар коллегиясынын курамы өлкөнүн 50 штатынын жана борбор Вашингтондун өкүлдөрүнөн турат. Ал эми шайлоонун өлкө боюнча баштапкы жыйынтыктары алдыдагы сааттарда, штаттарда шайлоо бекеттеринин жабылышына жараша билинмекчи.

Коомдук пикирди сурамжылоонун дээрлик баарынын шайлоо алдындагы жыйынтыктары демократ Барак Обама, атаандашы республикачыл Жон МакКейнден алдыда экенин көргөзгөн. Бул жолку тарыхый шайлоодо 100 миллиондон ашуун адам добуш берери күтүлгөн. Баштапкы маалыматтар добуш берген америкалыктардын саны рекорддук көрсөткүчкө жетиши мүмкүн экенин ишара кылууда. Кабарларга караганда, добуш берүүнүн жүрүшүндө шайлоочулардын узакка кезек күтүүсү, добуш берүү машиналарынын бузулушу өңдүү айрым проблемалар болду. Бирок жалпысынан добуш берүү текши жүрүүдө.

Шайлоо бекеттеринде жүргүзүлгөн сурамжылоого караганда, америкалыктар азыркы шайлоонун башкы маселеси катары экономиканы аташкан. Америкалыктар азыр президент менен Конгресстин эл өкүлдөр палатасынын баардык 435, ал эми Сенаттын үчтөн бирин же 35 мүчөсүн да тандашууда.

XS
SM
MD
LG