Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:47

Барак Обама эл үнүн алып чыккан президент болушу мүмкүн


Мындай оюн “Азаттыкка” “Акшумкар Кут” коомдук бирикмесинин лидери Мирхамид Токтогул уулу билдирди. Анын айтуусунда, Обама афроамерикалык тектен чыккан алгачкы президент катары бир топ ийгиликтерди жаратат. “Ал эми Жон МакКейн накта республикачы катары Грузиядагы, Словакиядагы,Украинадагы, Кыргызстандагы революцияга саясий, финансылык тиешеси бар экенин элдин баары билет. Бул жагынан алып караганда, анын болбогону жакшы болду. Бирок ошол эле учурда демократтык же республикачыл партиядан болобу, баары бир алардын башы бир. Американын саясатындагы өзгөрүүлөр дүйнө элине, анын ичинде Кыргызстанга таасир этет. Бирок бул президенттин иш-аракетине жараша болот”,- дейт жаш лидер. Мирхамид Токтогул уулу ошондой эле шайлоо белгилүү деңгээлде демократиялык нукта жүргөндүгүн, бирок ички интригалар канчалык деңгээлде өнүгүп-өскөндүгүн бул жерде туруп айтуу кыйын экендигин кошумчалады.(AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG