Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:29

Жусуп Жээнбеков уулу Бахтиярды өз алдынча издей баштады


Бул тууралуу СДП фракциясынын депутаты Жусупжан Жээнбеков бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Депутаттын айтымында, издөө иштерине 80 адамдан турган топ жардам берүүдө. Ж.Жээнбеков ошондой эле уулунун кайсы жакта экендиги боюнча маалымат бергендерге ири суммадагы сүйүнчү берээрин кошумчалады. СДП фракциясынын дагы бир депутаты Бакыт Бешимов болсо дайынсыз жоголгон депутат Руслан Шаботоевди жана депутат Жусуп Жээнбековдун уулу Бахтияр Амиражановду таба албаган ИИМдин жетекчилиги отставкага кетиши керек деп эсептейт. “Эгерде ИИМдин “аракеттери” ушундай эле нукта улана берсе, анда биз талаптарыбызды күчөтөбүз жана элди нааразылык акцияларды уюштурууга чакырабыз”,- деп билдирди Бакыт Бешимов.(MSu)

XS
SM
MD
LG