Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:00

АКШда чыныгы лидер утту


Мындай пикирин “Азаттыкка” депутат Роза Отунбаева билдирди. Анын айтымында, чыныгы лидер, теги афроамерикалык президенттин келиши менен дүйнө эли бир чоң тоскоолдуктан өттү. Башкача айтканда, “ак түстүү адамдар бай өлкөнү башкарат”, “Европа өлкөлөрүнө, Америкага келгендердин укугу жок”, “экинчи сорт адамдар бар” деген түшүнүктөр артта калды. Ал эми шайлоонун жүрүшү тууралуу Роза Отунбаева: "Бул шайлоо бардыгыбызга чоң жаңылык жана чоң сабак болушу керек. Анткени Америкадагы шайлоо аркылуу биз мамлекет башчыны демократиянын негизинде, таза шайлап алса боло тургандыгына ынанып олтурабыз”, - деп белгиледи. Ошондой эле ал шайлоо технологиялары, интернет жана башка каражаттар шайлоодо зор роль ойногондугун кошумчалады.(AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG