Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:32

Орусия: Медведев калкка кайрылуу жасады


Орусиянын президенти Дмитрий Медведев 5-ноябрда калкка кайрылуу жасады. Кайрылуусунда Медведев расмий Вашингтонду дүйнөлүк каржы кризиси үчүн айыптап, эгерде АКШ Борбордук Европада ракетадан коргонуу системасын орнотуу планынан баш тартпаса, Орусия Калининград облусунда ракеталарды орноторун билдирди.

Улутка жасаган биринчи кайрылуусунда Дмитрий Медведев расмий Вашингтондун Борбордук Европада ракетадан коргонуу системасын орнотуу планына жооп кылып, Орусия Калининградда ракеталарды жайгаштырарын билдирди.

- Керек болгон учурда АКШнын ракетадан коргонуу системасын нейтралдаштыруу үчүн биз Калининград облусунда “Искандер” аттуу ракеталык комплексти жайгаштырабыз.

Кремль Вашингтондун Польша менен Чехияда ракетадан коргонуу системасын жайгаштыруу планы Орусиянын улуттук коопсуздугу үчүн коркунуч жаратат деген жүйөө менен ага караманча каршы болуп келет.

Өз кайрылуусунда Медведев АКШнын тышкы саясатын сынга алып, мындай саясат августта Орусия менен Грузия ортосундагы согушка себепкер болду деп билдирди.

“Вашингтондун Грузияны ачык колдошу – сынды жактырбаган жана бир тараптуу чечим кабыл алууну туура көргөн АКШ өкмөтүнүн өзүмчүл саясатын күбөлөйт” деди Медведев.

Миңге жакын депутаттар, жогорку даражадагы бийлик өкүлдөрү жана журналисттердин алдында сүйлөгөн Медведев НАТО Грузия менен согушта өз кызыкчылыгын көздөгөн деп айтты:

- Кавказдагы жаңжал НАТОнун аскер кемелерин Кара деңизге киргизүү жана андан кийин АКШнын ракетадан коргонуу системаларын Европага таңуулоо үчүн колдонулган. Бул өз кезегинде Орусияны жооп кайтарууга түртүп жатат.

Медведевдин кайрылуусунун көпчүлүк бөлүгү дүйнөлүк каржы кризисине арналды. Орусиянын лидери АКШны “дүйнөлүк экономиканы тополоңго салып, финансы кризисин алып келди” деп айыптады. Өз сөзүндө Медведев “бул кризистен Орусия дагы кубаттуу болуп чыга алат” деп айтты.

Медведев өз кайрылуусунда АКШнын келерки президенти Барак Обаманы шайлоодогу жеңиши менен куттуктаган жок. Медведев болгону АКШнын жаңы өкмөтү Орусия менен ансыз да оңой эмес мамилелерди жакшырта аларына үмүт артты.

Саясат таануучулардын пикиринче, Медведевдин калкка кайрылуусу бүткүл дүйнөнүн көңүлүн өзүнө бурган АКШдагы шайлоонун маанисин басаңдатканга, коомчулуктун көңүлүн андан алагды кылганга эсептелген кадам болчу.

Вашингтонду сынга алгандан сырткары Медведев алгачкы кайрылуусунда өлкөнүн ички саясатына дагы токтолду.

Медведев насаатчысы, мурдагы президент Владимир Путиндин багытынан кайтпай турганын дагы бир ирээт кайталады.

Ошондой эле орус президенти мамлекет башчынын кызмат мөөнөтүн 6 жылга чейин узартууну сунуштады. Медведев мындан сырткары парламенттин төмөнкү палатасынын мөөнөтүн азыркы 4 жылдан 5 жылга чейин узартуу демилгесин көтөрдү.

- Менин башка бир сунушум – президенттин мөөнөтүн алты жылга, Мамлекеттик Думанын конституциялык мөөнөтүн беш жылга узартуу.

Өз кайрылуусунда Медведев аткаруу бийлигинин жоопкерчилигин арттыруу үчүн саясий реформаларды жүргүзүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG