Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:47

Обаманын жеңишин европалыктар тарыхый маанидеги ири окуя катары баалашууда. Айрым басылмалар АКШ президенттигине өңү кара калктын өкүлү шайланганын дүйнөнү силкинткен “зилзалага” салыштырышты.

Копенгагендеги жогорку бизнес мектебинин профессору Карл Педерсен мындан элүү жылдай мурда эле АКШнын түштүк штаттарында ындыкаралардын шайлоодо добуш бергенге укугу жок болчу деп эскерет. Алардын балдары ак жуумал курбалдаштары менен аралашып, бир мектепте окуй алчу эмес. “Барак Обаманын президенттикке шайланганы АКШда чоң өзгөрүштөр болуп өткөнүн күбөлөндүрөт. Кайсыдыр бир азчылыктын мамлекет лидерлигине үмүттөнө алары тууралуу ой калган батыш демократияларынын биринде да азырынча кыялга келе элек”,-дейт профессор.

Обаманын жеңишин ушул өңүттөн баалап, Стокгольмда чыгуучу HBL гезити аны “дүйнөнү силкинткен зилзалага” теңештирди. Ал эми даниялык саясий илимпоз Мадс Фугледе жергиликтүү “Юландс постен” гезитиндеги маегинде “ Обаманын жеңишин 1860-жылы Авраам Линкольн президенттикке шайлангандан берки АКШнын саясий турмушундагы экинчи эң ири окуя” деп атады.

Мындай апаздар европалык саясий өкүлдөр менен лидерлердин куттуктоолорунда жана комментарияларында да айтылууда. Британ премьери Гордон Браун, мисалы,“бул учур тарыхка кирерине - тарыхый бардык китептерде жазылып каларына” ишенет. Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозунун баасында болсо Обаманын жеңиши “Кошмо Штаттары үчүн, а балким, жалпы дүйнө үчүн да бурулуш учур” болду.

Евросоюздун тышкы иштер министрлери шейшемби күнү Марселдеги жолугушуу учурунда АКШнын жаңы шайланган президентине кайрылуу даярдап, эки тараптын мамилелериндеги жаңы - паритеттүү – багытка үмүт кылып жатышканын ырасташты.

Европа менен АКШнын өз ара алакаларында “жаңы барак ачуу” зарылдыгын шаркеттин тышкы саясат жана коопсуздук иштери боюнча жогорку өкүлү Хавер Солана да тастыктады. Обаманын жеңишин ал өзгөрүүлөрдүн аяны катары баалап, дүйнө өзү да ушу тушта өзгөрүүлөргө муктаж болуп турганын, АКШ менен биргелешип көптөгөн проблемаларды чечкенге Евросоюз даяр экенин билдирди. Бирок бул үчүн эки тараптын аракети аздык кылат. Бу жерде башка оюнчулардын – Кытайдын, Африка союзу, ОБСЕ жана башка ушул сыяктуу уюмдардын да күч-аракеттерин бириктирүү зарыл.

Тышкы мамилелер боюнча Европа кеңеши – таасирдүү аналитикалык борбор – шаршемби күнү жарыялаган документте баарыдан мурда шаркеттин лидерлери ич ара ымала табышы керектиги эскертилет. Ошондо гана Евросоюз финансы кризисине, ооган проблемасына, Пакистандагы кырдаалга, Россиянын агрессивдүүлүгүнө, Кытайдын башкаруу системасына, ошондой эле эл аралык терроризмге жана массалык кыргын куралдарын жайылтууга каршы күрөшкө, Жакынкы Чыгыштагы жагдайга байланыштуу бирдиктүү саясат иштеп чыга алат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG