Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:26

Президент К.Бакиев Барак Обаманы шайлоодогу жеңиши менен куттуктады


Президент Курманбек Бакиев Барак Обаманы АКШнын президенттигине шайлоодогу жеңиши менен куттуктап телеграмма жолдоду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. “Кыргызстан биздин өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты жогору баалайт жана Америка Кошмо Штаттары менен өнөктөштүк кызматташтыкты өнүктүрүүгө артыкчылыктуу маани берет. Сиздин бул жогорку жана жооптуу кызматка келишиңиз биздин өлкөлөрдүн ортосундагы бийик деңгээлдеги кызматташтыкты өнүктүрүүнүн улануусу менен коштолот, учурдун глобалдуу коркунучтарына жана чакырыктарына мындан ары да биргелешип каршы турууга, эларалык терроризм менен чогуу күрөшүүгө, соода-экономикалык байланыштарды ар тараптуу кенейтүүгө мүмкүндүк берет деп ишенем”,- деп айтылат куттуктоо телеграммасында. (AJ)

XS
SM
MD
LG