Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:39

Барак Обама кызматка киришүүгө даярдык жараянын баштады


Бул өткөөл жараян АКШнын жаңы шайланган президенти Барак Обама кызматка келерки жылдын 20-январында расмий киришкенге чейин созулмакчы. Кабарларга караганда, шайланган президент Ак үйдө өзүнүн администрациясын башкарууну чикаголук конгрессмен Рэм Эммануэлге (Rahm Emanuel) сунуш кылды. Ал президент Билл Клинтондун администрациясында кеңешчи болуп иштеген. Барак Обама ошондой эле шайланган президент катары эми АКШнын Борбордук чалгын кызматынан жашыруун маалыматтар боюнча нускоо ала баштары күтүлүүдө. Кызмат мөөнөтү аяктап бара жаткан президент Жорж Буштун айтымында, кечээ ал Барак Обама менен телефон аркылуу сүйлөшүп, өткөөл мезгил учурунда аны менен толук кызматташууну убада кылды.

4-ноябрдагы добуш берүүнүн натыйжасында Барак Обама шайлоочулар коллегиясынын кеминде 349, ал эми атаандашы Жон МакКейн кеминде 162сине ээ болду. Шайлоочулар коллегиясы АКШнын 50 штаты менен борбор Вашингтондун 538 өкүлүнөн турат. Шайлоодо жеңип чыгуу үчүн кеминде алардын 270нин добушу талап кылынмак. ЕККУ уюмунун байкоочулары өз тыянагында АКШдагы президенттик шайлоо демократиялык стандарттарга жооп бергенин белгилешти.

XS
SM
MD
LG