Линктер

жекшемби, 26-март, 2017 Бишкек убактысы 23:11

Испания Усама бин Ладендин уулуна саясий башпаанек берүүдөн баш тартты


Испан бийликтери өз чечимин "ал-Каида" лидеринин уулуна түздөн-түз коркунуч жок экендиги менен түшүндүрүштү. 28 жаштагы Омар бин Ладен Мадридге ушул дүйшөмбү күнү өзү акыркы кездери жашаган Каирден учуп келип, саясий башпаанекти аэропорттон эле сураган. Ал өзүн пацифист деп атап, атасынын идеяларына каршы экенин айтып жүрөт жана испан бийликтеринин чечимин аппеляцияга бергенин билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG