Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:50

Электр кубатын өчүрүүлөр бюджетке 5 млрд. сом зыян алып келди


Мындай пикирин “Ак жол” фракциясынын депутаты Бейшенбек Абдырасаков парламентин бүгүнкү отурумунда билдирди. Депутат парламенттин өткөн жыйынында электр жарыгын маал-маалы менен өчүрүү мамлекетке канча зыян алып келди деген суроону каржы министри А.Жапаровго бергенин белгиледи. “Азыр бул суроого өзүм жооп берем. А.Жапаров ИДП 6 пайызга төмөндөгөнүн жана бюджетке 1 млрд.сом түшпөй калганын айткан экен. Бирок менин оюмча бюджеттин жоготуусу 5 млрд. сомду түзөт”,- дейт Б.Абдырасаков. Депутаттын айтымында, мамлекет зыян тарткан чыгашаны энергетиктердин мойнуна илип коюш керек.(MSu)

XS
SM
MD
LG