Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:41

Б.Бешимов УКМКнын жетекчилигин ЖК отурумуна чакырууну сунуштады


Ал мындай сунушун “Дело№” гезитинин журналисти Вадим Ночевкиндин УКМКга суракка чакырылганына байланыштуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди. “УКМК кимдин кызыкчылыгы үчүн иш алып барууда? Алар улуттук кызыкчылыкты колдогондордунбу же мамлекеттен энергетиканы уурдаган топтордун кызыкчылыгын колдоп жатабы?”,- дейт Б.Бешимов. Б.Бешимовдун УКМКнын жетекчилигин парламенттин сессиясына чакыруу сунушун “Ак жол” фракциясынын депутаты Нарынбек Молдобаев колдоого алды. Орус тилдүү “Дело№” гезитинин журналисти В.Ночевкин өлкөдөгү энергетикалык кризистин келип чыгышы тууралуу макала жарыялаган. Маалыматтарга караганда, 8-октябрда жарыкка чыккан дал ушул макалага байланыштуу журналсит кечээ УКМКга суракка чакырылган. (MSu)

XS
SM
MD
LG