Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:13

Маалымат майданы: Өзгөрүү мезгили келдиби?


Соңку кездери Кыргызстанда сөз эркиндиги тууралуу сөз боло калганда эле кыйла адистер бийлик алмашкан үч жыл аралыгында бул жаатта олуттуу өзгөрүш болбогонун айтып келатышат.

Ошол эле маалда адистердин айтымында, жалпысынан кыргыз журналистикасы 1990-жылдары калыптанган копол жазма маданиятынан көтөрүлө албай, журналисттер менен маалымат каражаттарынын ээлери аткара турган миссияларын, журналистиканын негизги принциптерин билишпегени өкүндүрүүдө. Дал ушул жагдай журналистиканын сапатына түздөн-түз таасирин тийгизип, эки жаатка бөлүнгөн саясий топтордун куралына айланган маалымат каражаттары көп учурда бир жактуу маалымат таратканын коюшкан жок.


Бир катар адистер Кыргызстанда маалымат майданы өзгөрө турчу мезгил келип жеткенин айтышып, дал ушул тапта кыргыз эли жаңыча стили, өзгөчөлүгү бар, эл аралык стандарттарды карманып, журналистиканын принциптерин, мыйзамдарын сыйлаган олуттуу басылмалардын пайда болушун күтүп калганын айтышат.

Маселен, бийликчил маалымат каражаттары теле, радио же басма сөзүндө болобу негизинен кожоюнду коргогон, каршы тарапка сөөмөй кезеген саясаттан чыга албай, ошол деңгээлден көтөрүлө албай атса, оппозицияга жан тарткан же алардын акчасына чыккан айрым басма сөз каражаттары беркилерден ашып түшүп бийликти ашата сөгүп, баягы калыбында кала берүүдө.

Ошол эле гезит беттерин барактап отуруп, демократиянын баалуулуктарын тереңден казып түшүндүргөн, мыйзамдуулуктун жогору коюлушунун маани-маңызын жазган, экономикалык ишмердүүлүктөрдүн алдыңкы технологияларын баяндаган материалды эмес, негизгиси бири-бирин “жүзүкара”, “баш мээси айныган”, “эркек эмес” деген сыяктуу сөздөр менен каралаган макалаларды учуратууга болот.

Белгилүү журналист Султан Жумагуловдун айтымында, дүйнөдө журналистика абдан тездик менен өзгөрүп жатса дагы кыргыз басма сөзү 1990-жылдары калыптанган жазма стилин карманып, алдыга жыла албай калып кетти:

- 90-жылдары советтик-коммунисттик журналистикадан эркин журналистикага өтүп аткан маалда кыргыз журналистикасы элдик тилге өтүп, ошондо бир көч башталган. Аны “Асаба” гезити баштаган эле. Анан ошол гезиттин стили бара-бара модага айланып, 90-жылдардан тартып ушул күнгө чейин ошол стил мода бойдон келатат. 90-жылдардан кийин эркиндиктин шарданы менен ар ким оюна келгенин жазып, жоопкерчиликсиз мамиле орун алып калган экен. Андан бир заман өзгөрүп кетти, коом өзгөрдү, ошого карабай журналисттик жоопкерчиликсиздик, баягы орой стил ушул кезге чейин уланып келатат. Айрыкча бул кыргыз тилдүү басма сөздө орун алып калган. Бул калпыс жөрөлгө болуп калды, анткени азыр 90-жылдар жок, азыр 21-кылымда жашап жатабыз.

Ошондой эле С.Жумагуловдун пикиринде, дал ушул тапта коом жаңы деңгээлдеги, олуттуу, оригиналдуу жана журналистиканын принциптеринин негизинде жазган, ушак-айыңдардан алыс маалымат каражаттарына көбүрөөк муктаж болуп турат:

- Рыноктун өз мыйзамдары бар, журналистиканын да мыйзамдары бар. Анан бизде менеджмент, жаңы добуш, жаңы стил табуу, ошолорду бүгүнкү күн менен айкалыштыра билүү, мыйзамдар менен айкалыштыра билүү жөндөмдүүлүктөрү тилекке каршы жок экендиги байкалып атат.

Адистердин баамында дагы бир кемчилик, маалымат каражаттарын түзгөн адамдар аны бизнес долбоор катары карабай, саясий курал катары гана пайдаланганында болууда. Дал ушундай себептерден улам мындай маалымат каражаттары коомчулукка сиңбей, популярдуулугу артпай келатат.

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы Марат Токоевдин айтымында, журналистиканын өсүп-өнүгүшүнө экономикалык абал да түздөн-түз таасирин тийгизүүдө:

- Журналистикага экономика да өз таасирин тийгизип атат. Экономикалык абалдын начарлыгына байланыштуу биздин маалымат каражаттары экономикалык жактан көз карандылыкка жете албай атышат. Жетсе дагы алар 4-5 эле гезит. Калгандары гезит ээлерине, каржылап аткандарга көз каранды болуп турат. Мамлекеттик маалымат каражаттары деле мамлекеттин канатынын алдынан чыккысы келбей атпайбы. Эгер чыгып кетсе алар аз да болсо мамлекеттик каржылоодон кол жууп калышы мүмкүн болуп атат.
XS
SM
MD
LG