Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:52

ИИМ министри жоголгон депутат тууралуу маалымат берди


Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев Жогорку Кеңештин дайынсыз жоголгон депутаты Руслан Шаботоевдин жана ЖК депутаты Жусуп Жээнбековдун уулу Бахтияр Амиржановдун кайда экенин аныктоо жана иликтөө иштеринин жүрүшү боюнча Президенттин Администрация башчысы Медет Садыркуловго кечээ отчет берди. Анда министр акыркы эки айда бул ишке ИИМдин ар кайсыл кызматтарынын жана бөлүмдөрүнүн бир жарым миңге жакын кызматкерлери тартылганын, ички иштер органдары тарабынан жоголгондорду издөө үчүн масштабдуу жана чечкиндүү аракеттер көрүлүп жатканын билдирди. Анын айтымында, бул ишке КМШ өлкөлөрүндөгү жана Интерполдогу кесиптештер да тартылып, тергөө тарабынан буга чейин белгиленген версиялардын баары иштелип, ошондой эле тергөөнүн жүрүшүндө алынган кошумча маалыматтардын негизинде жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү боюнча жаңы багыттар иштелүүдө. (AJ)

XS
SM
MD
LG