Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:38

8-ноябрда репрессия курмандыктары эскерилет


Репрессия курмандыктарынын сөөгү "Ата Бейитте" жатат
Репрессия курмандыктарынын сөөгү "Ата Бейитте" жатат

8-ноябрды репрессияда курман болгондорду эскерүү күнү деп жарыялаган чечимди Жогорку Кеңеш сентябрда кабыл алган. Бирок тарыхчылар бул окуя боюнча толук маалыматтын коомго жетпегенине кабатыр.

Жогорку Кеңеш репрессия курмандыктарын эскерүү күнүн алгач Орусиядагыдай 30-октябрда өткөрүү тууралуу токтомду ушул жылдын январында кабыл алган. Бирок, 1938-жылдын 8-ноябрында 137 адам атылгандыктан ушул күнү эскерүү керек деп токтомду сентябрда өзгөрткөн. Парламент муну менен бейкүнөө кеткен маркумдар, анын ичинде кыргыз интеллигенциясынын алгачкы өкүлдөрүн азыркы жаш муунга таанытуу максатын алдыга койгон. Тарых илимдеринин доктору Олжобай Каратаевдин айтымында, мындай иштерди дайыма үзгүлтүксүз жүргүзүү зарыл:

-Кыргыздардын ошол кездеги интеллигенциясынын мамлекеттик, саясий, илимий жана маданий тармактагы мыкты өкүлдөрүнүн баары жок кылынган. Бул кыргыздардын жана Кыргызстандын кийинки өнүгүүсүнө аябай чоң залалы тийген. Ошон үчүн биз илимпоз жана инсан катары репрессия боюнча азыр эл арасында көп иштерлди алып барышыбыз керек.

Репрессияда көз жумгандарды биринчи болуп иликтөөгө алган легендарлуу парламенттеги комиссиянын мүчөсү, драматург Мар Байжиевдин айтымында, атылган адамдар жөнүндө маалыматтар жоготулган деген көз караш туура эмес. Ошол кездеги парламенттин Мамлекеттик коопсуздук комитетинин архивиндеги материалдар мамлекеттик архивге өткөрүлсүн деген чечими алиге ишке ашпагандыктан купуя сыр болуп турат дейт Мар Байжиев:

-Мен атылган адамдар көмүлгөн көрүстөндөрдүн баарын көрдүм. Кийин Карагандыга барып ошол жердеги көрүстөндө да болдум. Менин атам ошол жерге көмүлгөн экен. Анан Карагандыдагы архивине да кирдим. Ошол жерде атылган ар бир адам тууралуу маалыматбар экен. Алардын кайсы жерде атылып, кайсы жерде көмүлгөнү белгилүү. Аны көрсөтпөй атышат калп эле. Биз парламентте Мамлекеттик коопсуздук комитетинин архиви Мамлекеттик архивге берилсин деген чечим чыгарганбыз. Бирок, алигиче бериле элек.

Мар Байжиев бул кандуу мезгил тууралуу маалыматтарды катпастан ага дуушар кылган жагдайларды ачык айтып, курман болгон инсандар тууралуу маалыматтар кеңири берилсе кыргыз жаштарынын мекен сүйүү сезими бекем болмок деген ойдо.

Ал эми репрессия темасы боюнча докторлук диссертация жазган профессор Шайыр Батыралиева бул окуя саясий нукта гана изилденип, интеллигенциянын мыкты өкүлдөрү атылган деген гана көз караш калыптанып, анын тарыхый тамырлары терең ачылбай келаткандыгына кабатыр. Анын айтымында, бул СССР деген чоң мамлекетти куруунун бир баскычынан кийинкисине өтүүдөгү кемчиликтерди жашыруу үчүн атайын план менен жасалган:

-Репрессия бардык катмардагы адамдарга тийген. Мен Москвадагы архивден Бериянын колу коюлган бир гана нускадагы буйрукту окугам. Ошол буйрук боюнча советтик бийликтин душмандарын жок кылуу үчүн 1937-38-жылдары бир жарым миллион адам жазага тартылыш керек болчу. Жазага тартууну эки категорияга бөлүп карашкан.Жазага тартыла турган 1,5 миллион адамдын 500 миңи атууга кетиши, бир миллиону камалышы керек эле. Кыргызстан боюнча 750 адам жазага тартылып, анын 250 миңи атылыш керек болчу. Мына ошондуктан мурда ар кандай кине менен башка жакта камалган адамдардын бардыгын Кыргызстанга алып келип, 1938-жылы атып,азыркы “Ата Бейитке” көмүшкөн.

-Тарыхчынын иликтөөсү боюнча, репрессияны иликтөөдө бир жактуу эмес, миң кырдуу окуя катары мамиле жасоо керек. Анткени, ага тирүү адамдар гана эмес бүтүндөй система дуушар болгон. Анын бири 1937-жылкы эл каттоо. Буга 1936-жылы СССРдин Конституциясы кабыл алынганда өлкөдө 170 миллион калк жыргап жашап жатат деген Сталиндин докладындагы маалыматка 1937-жылкы эл каттоодо аныкталган 162 миллион калк бар деген сандын дал келбей калгандыгы негиз болгон дейт Шайыр Батыралиева:

-Азыр илимде репрессияга дуушар 1937-жылдагы эл каттоо деп айтылып жүрөт. Анткени, 1937-жылкы эл каттоону жүргүзгөн облустук, республикалык деңгээлдеги кызматкерлердин, эл каттоочулардын баарын ар кандай жалаа менен камакка алып, борбордук статистикалык башкармалыктын төрагасы Кровелди атууга кетирген.

Тарыхчынын айтымында, кандуу мезгил курмандыктарын эскерүү зарыл. Бирок, ал тууралуу азыркы муун толук маалымат алуусу жана репрессиянын табиятын ачуу үчүн өлкө жетишкендиктерин адам көрсөткүчтөрү аркылуу салмактап, бир тепкичтен экинчисине өтүүдө адам эмнеге жетише алды деген суроого жооп издөө зарыл.

XS
SM
MD
LG