Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:29

Ирак төбөлдөрүнүн бири Барак Обаманын планын колдоого алды


Ирак төбөлдөрүнүн бири АКШнын жаңы шайланган президенти Барак Обаманын 2010-жылдын орто ченине чейин өлкөдөн америкалык аскерлерди чыгарып кетүү планын колдоого алды. Ирактын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Маваффак ал-Рубайе өз өлкөсүнүн өкмөтү бул долбоорду колдоорун билдирди. Анын айтымында, АКШ өз аскерлерин чыгарып кетсе, Ирактын жергиликтүү күчтөрү коопсуздукту камсыздай алат. Обама январда президенттик кызматка киришкенден 16 айдан кийин америкалык жоокерлерди Ирактан чыгарып кетүүгө убада кылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG