АКШнын президенти болуп шайланган Барак Обама жума күнү (7-ноябрда) кечинде Чикаго шаарында өзүнүн шайлоодон кийинки алгачкы маалымат жыйынын өткөрүп, азыркы өкмөттү жана Конгрессти тез арада, ал түгүл өзү кызматка расмий кирише турган 20-январга чейин эле, каржы кризисинен чыгууга багытталган шашылыш экономикалык чаралар көрүүгө чакырды. Обаманын айтымында, кризис бүткүл дүйнөлүк деңгээлге чыккан соң, ага да дүйнөлүк деңгээлде жооп издөө зарыл. 10-ноябрда Обама азыркы президент Жорж Буш менен жолугуп, аны менен кызматты өткөрүп алуу жагдайлары боюнча сүйлөшөкчү.